Аялыма жаталы десем, эмнеге дароо келбей турганын эми түшүндүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Калп айтпасам жыйырманчы же отузунчу жолу «уктагыла» дедим окшойт. «Азыр ата» деген боюнча дагы эле компьютерлерин чукулап отурушат. Ачуум менен бөлмөлөрүнө кирип барсам «мына, мына» дешип өчүрө калышты. Эми дароо жатып калышса бир жөн, бири-бирин чукулап, кыткылыкташып кайра ачуумду келтиришти. Светин өчүрүп чыгып кетсем, эшикти жабарым менен кайра күйдү. Уруштум. Үчөө үч жакты караган бойдон акыры уйкуга киришти. Эми мен дагы барып жатып эс алайын дедим. Биринчи эшикти кулптадымбы текшердим. Анан терезелерди карап чыктым. Ашканын жанынан өтүп баратып этти алып чыгып коюу керек экенин эстедим. Алып чыктым. Анан раковинадагы идиштерди жууп, нанды пакетке салып, көгөргөндөрүн итке алып чыктым. Үйгө кирип баратып кургаган кирлерди көрдүм. Шамал учуруп кетпесин деп аларды чогулта баштадым. Бул арада гараждын эшиги ачык экенин байкадым. Аны жапканы барып, картошка ала кирүү керек экенин эстедим. Бир колума картошка, бир колума кирлерди көтөрүп үйгө кирдим. Кирип баратып бутумду чечсем, шлепкамдын бирөөсү тепкичтен жерге түшүп кетти. Аны алам деп ийилип, кичүү баламдын мектепке кийген тапичкесин көрүп калдым. Аны алып ордуна койдум. Кирлерди бүктөп шкафка салдым. Бул арада кичүү балам сием деп ойгонуп алды. Аны сийгизип келатып, машинада жуулган кирлер жайылбай калганын көрдүм. Аларды «сушилкага» жайып коюп, эми уктайын десем телевизордун пульту жерде чачылып жатканын көрдүм. Кыязы, балдар түшүрүп алган окшойт. Батарейкасын салып ордуна койдум. Акыры кербетиме жеттим. Өх… Аялымды «бас уктайлы» деп төшөккө чакырсам кеч келет эле. Анын себебин бүгүн түшүндүм. Көрсө, ары-бери ушинтип жүрө берет турбайбы. А мен аны күтүп жатып, кайра эмнеге дароо келбейсиң, светтен көзүм ооруп чыкты деп буркулдайт элем. Айылга кайын энемден кабар алганы кеткен. Эки күн болуп калды. Жумуштан сурандым эле. Тезирээк келсе экен, чарчаганымдан ыйлагым келип чыкты. Эртең дагы эрте туруш керек. Жалгыздык жаман экен, мындан ары ага жардам берем. Бөлмөмдүн эшиги ачылды. Жаңы эле башымды жаздыкка койдум эле. Ортончу уулум экен. — Эмне болду? — Ата, сийип келеличи, эшик караңгы экен. «Алтыным, батыраак келчи!» Аялымды сагындым. /bilesinbi.kg/

Аргумент.kg