Аялыма «зато» карыганда бактылуу жашайбыз» деп айтканыма өкүндүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен жеңилдим. Мени убакыт жеңди. Азыр мени карап шылдыңдап күлүп отурат. Аны менен урушкум келди. Жерге көтөрүп чапкым келди. Бирок, колума кармай албайм. Артка кайтара албайм. Мен анын алдында алсыз экем. Бир гүл. Бир гүл. Бир гүл бербегениме өкүнөм. Гүлдүн акчасын карылыкка деп сактаганыма өкүнөм. Мен жаштыгымды өткөрүп жибергениме өкүнөм. Баалуу күндөрүмдү өткөргөнүмө өкүнөм. Бүгүн кыркылыгы болду. Кырк күн болду. Жылуу жуурканда, жанымда эмес, муздак топурак астында жатат. Сулуум менин, кечир мени. Мен сенин жаштыгынды карылыкка жылдырганыма кечир. Аттиң, карылыкты чогуу өткөрөбүз дегем. Бирок, ал учурда могу нерсенин баары кереги жок болуп калат тура. Мен тапканымдан баарын чогулта берчүмүн. «Карыганда жыргап жашайбыз» деп көп айтчумун. Өзүмдөн, аялымдан, балдарымдан баалуу нерселерди аядым. Майрамдарда гүл алып бербедим, арзан продукты сатып алдым, торт жегенден баш тарттым. «Любой» жерден үнөмдөп жашачумун. Жаш туруп кийингенибизди, жегенибизди көрсөңөр. Мынча акылсыздык кылдым… Карыган адамга акчанын деле кереги жок экен. Карыганда жаш кезиңде кылгандарды эстеп, жыргап жашайт экенсиң. А мен эсте каларлык эч нерсе кылбапмын. Кечир сулуум, сенин дагы тагдырыңды талкаладым. Мен карылыкты жалгыз тосорумду кайдан билдим. Сага деп чогулткан акчаларымды эмне кылам. Азыр жашагыла. Бүгүн жашагыла. Эртең деген нерсе жок. Өзүңөрдөн аябагыла. Ошондо гана убакытты жеңе аласыңар. Аны ошондо гана туура пайдалана аласыңар. Карыганда силерге акча эмес, жаштыгыңарда өткөргөн элестер бакыт тартуулайт экен. Сулуум кечир мени… Сага бакыт тартуулай албадым. Эми балдарыбыздын балалыгын бакытка бөлөйм. https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg