Аялыма “күндө чалып кайда жүргөнүмдү сураба» деп айтып алып өкүндүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Сага эмне болду, дос? — Ыя? — Эмне болду дейм? — А, неме… — Ээ, макулчу. СТОдо машина оңдоп иштейм. Бүгүн эки кардардан уруш жедим. Бир «запчасты» буздум. Досторум түшкү тамактанууга кетишти. А мен жер чукуп отурдум. Эмнеге дебейсиңерби? Бүгүн аялым бир дагы жолу чалган жок. Кечээ экөөбүз таарыныша кеткенбиз. Акыры эмне дешти билбей, «күндө чалып кайдасың дебе анда» дедим. Макул деген боюнча басып кетти. Азыр бул сөзүмө өкүнүп жатам. Көрсө, аялымдын минтип сураганы, менден кабатыр болгону, үйдө сени күтүп жатабыз дегени тура. Жашоомдун маңызы жоголду. Башым иштебейт. Эмнеге андай дедим. Өкүнүп жатам. Өзүмдү жалгыз сездим. Жүрөгүмдүн жарымын бирөө жулуп алгандай эле болду. Табитим жоголду. Колумдагы зымды ары ыргыттым дагы, үйгө чуркап жөнөдүм. — Эмнеге жазган жоксуң? Эмнеге? — Баары жакшыбы? — Жок! Жакшы эмес! Эшикти ачары менен бакырып кирдим. Акырында катуу кучактадым. Ошондо курсагымдын курулдаганы угулду. Эртеден бери эч нерсе жебегенимди билдим. — Өзүң жазба дебедиңби. — Мени укпа, мен айта берем. — Жүр тамак бышып калды. Кудуңдап артынан жөнөдүм. Кезектеги кардардын машинасын оңдоп отургам. Телефонума кат келди. Келинчегимден экен. «Кайдасың?» деп жазыптыр. Жылмайдым. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот: Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок. «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg