Аялым Түркияга барып бирөөнү таап алыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы. Мен Эркек кишимин. Үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болду. Биринчи балабыз эми 10 го чыгат. Экинчи үчүнчү балабыз чарчап калды. Анан стреске түшүп жатам мен бирдеке кылышым керек, иштейм деп жатып дордойго эжесине жардамчы болуп иштеп баштады. Башында тез-тез келип кетип жүрдү. Кийинчиреек өзүн карап үйгө келсе чай ичип кайра эле кетип жүрдү. Өзүбүз айылда тургандыктан бүт түйшүк мага түштү. Каарыган апам бар. Мал түйшүгү тоют түйшүгү, бала багуу . Кийин Турцияга кетти. Ал жактан 10 ай дегенде келди 10 айда 700 доллар салды мени жаман көрүп жатып. ( Акча еле сурай бересин деп ) кайра Бишкеке барып келем деп кайра кетти. Бир айдан кийин келди. Келээри менен кол көтөрүп сабадым. Жиним келип сабырым түгөнүп калган. Телефонун дайыма коддо жүрчү, берчү эмес . Телефонун ачтырып вотсабынан ойношу менен жазышкандарын таап алдым. Ал бизнес кылган бала экен. Аны алдап ажырашкам , балам бар баламды байкем багат деп менин интернеттеги сүрөттөрүмдү көрсөтүптүр. Ал баланын үйүнө барып апасы менен таанышып апасы жактырбай ошон үчүн үйлөнбөй күтүп жүрүшүнүптүр. Турцияга жөнөтүп кайнежемдер билет экен. Ошентип баары билинип ал бала менен сүйлөшүп. Мени алдап жүргөн турбайбы деп токтогонбуз. Мен экинчи мындай ишке барбайм мен кол көтөрбөйм болуп антташып . Жашообузду уланттык былтыр уулду болдук. Быйыл иште же мен иштейин деп баштады. Мен иштеп кетсем чынында малдарды бала менен карай албайт эле. Койчу деп койгом. Кредит бар тологонго мал сатып келсем жүрөгүм ооруп жатат деп баштады. Кредит төгүп жүрөгүңдү көрсөт, дагы карызыбыз бар болчу аны бер деп жөнөтсөм эки күндөн кийин баланы алып кетейин сен кыйналып каласын деп чалып мен үйдө жокто алып кеткен. Ошол бойдон 5 күн сүйлөшкөн жокпуз . Чалсам өчүк вотсап жооп бербейт . Кайнежеме 5-күнү чалсам Турцияга учуп кетиптир. Өзүм чалсам албайт кайнежем менен сүйлөшөт. Ошентип кайнежемди ортомчу кылып сүйлөшүп жатып жиним менен кайнежеме катуу сөздөрдү айтып алдым анан барып өзү чыкты. Видео сүйлөшүүдөн эмнеге десем жооп бербейт жалдырап отуруп жазчы дейт. Күнөөгө батпай эркин жүрө бер деп талагын бердим. Сүйүнүп кеткендей бактылуу бол деп жооп жазды. Эми мен бойдокмун бирок кайсы күнөөм үчүн экенин билбейм……..

Аргумент.kg