Аялым бар, бирок башканы сүйөм, эмне кылам?
21-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы Аргумент.кж сайты. Менин катымды сураныч чыгарып бериңизчи. Аялым бар экөөбүз 3 жылдан бери жашап жүрөбүз. Аны мен өзүм тандап, үйлөнгөн эмесмин. Ата-энем ошол кыз жакшы деп алып берип койгон. Ойлодум, макул эми, ата-энеме жакса, мен дагы сүйүп калаарым деп, бирок андай болгон жок. Аялымды сүйбөйм, жумуштан бир кызды сүйүп калдым. Ошол кыз аябай жагат мага, эми эмне кылсам мага кеңеш бериңизчи?