Аялы эки баласы бар киши артымдан ээрчип жанымды койбой жатат. Аялына айтып салсамбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен 22 жаштамын окууну бүтүп жакшы жумушта иштейм ачыгын эле айтайын фигураны абдан кармайм ошондуктан жазган балдар көп мактанып жатат дебениздер . Мен айтайын дегеним бир адам бар артыман калбай чуркап жүрөт. Бизнесмен экен келишимдүү жигит. Айтайын дегеним аялы 2 баласы бар экен бирок артыман калбай чуркап жүрөт жашаган үйүмдү да билип алыптыр номер алмаштырсамда үйгө чейин келет. Башка кыздардай болуп акча убактылуу жашоону кыялданган жокмун жашым келип калды жакшы балага турмушка чыксамбы дейм. Мени ойлондурган нерсе ал адамды жок кылыш . Аялына барып айтсамбы мени туура кабыл алабы… Үй бүлө бузган кыздарды абдан жаман көрөм ошондуктан сиздерге кайрылып жатам. Аялына эле айтсамбы кандай дейсиздер?

Аргумент.kg