Аялды көчөдө ур токмокко алып уурдап кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тааныш аялды уурдап барып ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнен билдиришти.

Маалыматта, окуя 8-январ күнү Бишкек шаарынын Коенкөзов көчөсүндө катталган.  Анда үйүнө кетип бара жаткан аялды чала таанышы жолдон токтотуп коркутууга алган, ошондой эле ага кол көтөрүп кордой баштаган. Окуяга күбө болгон жаран аялды кызыл камчы эркектен ажыратууга аракет кылганда аны кошо сабап, аялды болсо унаасына салып кеткен Ал аялды Ала-Арча суу сактагычына алып барып, ур-токмокко алып өлтуруп кое турганын айтып кордогон. Кийин үйүнө алып келе жатып да өлтүрүп кое турганын бир нече жолу эскерткен.  Көп өтпөй Биринчи май РИИБнин ГОМ-5 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1986-жылы туулган М.М. Ал ИВСке киргизилип, кийин сот аны 2 айга СИЗО-1ге камакка алды.

Анын унаасынан кош ооз мылтык, 3 гильза жана колго жасалган бычак табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аргумент.kg