Аялдардын көп сүйлөп турганы ден соолугуна пайдалуу!

Аялдардын көп сүйлөп турганы ден соолугуна пайдалуу!

10-тогуздун айы, 2019-ж // //

Окумуштуулар аялдар сөздөрүн ичине катып жүрө бериши ден соолугуна зыян экендигин аныкташты.
Ооба, аялдардын көпчүлүгү айрым учурда өзүнүн эмоцияларын сыртка чыгарбай, ичке ката берет. Бул бир чети туура болсо, экинчи тараптан туура эмес. Изилдөөдө үн катпай, өзүнүн эмоциясы менен бөлүшпөй койгон аялдар физикалык жана эмоционалдык жактан бузулууларга дуушар болору белгилүү болду.

Аялдар баарлашууда өздөрүнө эч качан тыюу салбашы керек.
Питсбургдагы университеттердин биринде 304 аялга изилдөө жүргүзүлгөн. Алардын ичинен көп сүйлөбөй ичине жутуп жүрө бергендер жүрөк жана артериялык ооруларга дуушар болгондугу аныкталган.
Демек, аял киши үй-бүлөдө жолдошу, коомдо курбулары менен кырдаалга жараша өзүнүн эмоциялары менен бөлүшүп турушу, өздөрүнүн ден соолугуна эле пайда.
Булак: «Заман.кж»