Айгүл Айдарова, ЖК депутаты: “Баткендиктерди батырган Чүй элинен айланса болот”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Баткен окуясында үй-жайсыз калган качкындардын бир тобу Бишкекке чейин келишти. Аларды жайгаштырып, жардам бергендердин арасында сиз да бар экенсиз?

— Ооба, Лейлектен, Ак-Сайдан, менин Самаркандек айылыман миңдей киши келди. Арасында мен тааныгандар, тааныбагандар да бар. Өкмөт тараптан жардам болуп атты. Бирок, кыргыздын кызы болгондон кийин кайдыгер карап отура албайт экенсиң. Төрт лицей алып, жердештеримди ошол жакка жайгаштырдык. Кара-Балта шаарындагы №102, №105 лицейге, Ивановкадагы медресеге. Медресенин ээси Идрис, Ильяс байкелерге чоң ырахмат, жардамга колун сунушуп, жүз адамга, Кара-Балтадагы эки лицей алтымыш, Канттагы №25 лицей отуздай, Байтик айылындагы лицей жыйырма беш адамга орун беришти. Токмоктогу №23 лицейдегилер да колдон келген жардамын берип атышат. Чүй элинен айланса болот. Чоң рахмат аларга! Күн-түн дебей тамак-аш, кийим-кече түрүндө ар кандай жардамдарды алып келишүүдө. Мен күн сайын кечинде барып, ар биринин акыбалын сурап келем. Үйгө түнкү эки-үчтө келип атам. Көрсө, адамга тамак-аш, кийим-кечеден мурда көңүл керек экен.

— Кайра кеткендер болуп атабы?

— Айылдагы үйү сакталып калган жыйырмадай киши кечээ Баткенге кайра кетишти. Самаркандек айылындагы мектептерде, балдар бакчаларында иштегендер да кетишти. Азыр ал жакта кырдаал Кудайга шүгүр, тынч, абал турукташып баратат.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg