Айгүл Айдарова: «Депутаттык күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин «макул» деп кетирип койсо болмок»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Айгүл Абдисаламовна, сиздин кайгуул кызматкери менен болгон пикир келишпестигиңиз эмне менен бүттү?

— Биз душман эмеспизда, бири-бири бизди кечириштик. Бетме-бет жолугуп кечирбегеним менен Жараткан үчүн кечирип койдум. Кудай сактасын, өч алайын деген ниет жок менде. Нурлан Насипке кылган мамилесинин эки эсесин мага кылды. Же аял деп тоготподубу, билбейм. Бул чыр бир жума бою аябай эле талкууга түштү, аны кайра эстегим да келбей турат. Бизде да бала-чака, ата-эне деген бар да. Аларга катуу тийет экен.

— Кандай дейсиз, кайгуул кызматкеринин жумуштан алынганы туура болдубу?

— Ал жумуштан алынган жок, сөгүш жарыялоо менен кызматынан гана темөндөтүлдү. Мен ЖМКларга кайрылат элем, маалыматты оңго-солго бурмалабай, туура берсеңиздер!

— Мындай кырдаалда коомдук пикир көп учурда депутат тарапта болбойт эмеспи…

— Ооба. Алты жарым миллион калк болсо, алты жарым миллион ой, көз караш болот экен. Бирок, мени тааныгандар, кандай экенимди билгендер мени колдошту. Өзүм конфликтти жаман көргөн адаммын. Дайыма күлүп жүрөм. Күлгөн өзү сүннөт да. Биз, депутаттар өйдөбүз деп айтпайм. Биз элден ылдый адамбыз.

Элге баш ийип, жүгүнүп турабыз. Бирок, Баш мыйзамыбыздын 24-беренесинде депутаттардын кол тийбестиги деген бар да. Аны мен ойлоп тапкан жокмун. Ошондуктан, күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин «макул»  деп кетирип койсо болмок.

— Сиз буга чейин тергөөчү болуп иштегенсиз да. Парламенттин ишине көнүп калдыңызбы?

— Кудай буюрса, Жогорку Кеңешке келгениме эки ай, эки жума болду. Көнүшүп баратам. Тергөөчүлүк ишим бул жактан да кыйын болчу. Парламент карапайым элге жардам бере турган мекеме экен. Бир байкаганым, бул жерде тергөөчүлүктүн да көп жумушу бар экен…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg