Аида Салянова «Белизгейт» чырына чекит койгону калды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова «Белизгейт» маселесин аягына чыгарууну сунуштады. Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында эл өкүлү «Белизгейт» боюнча тастыкталчу же четке кагылчу маалымат берилиши керектигин, болбосо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тийиштүү кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин айтты.
Комитет төрагасынын орун басары Искендер Матраимов Белизден расмий жооп келе электигине байланыштуу маселе созулуп жатканын билдирди. Талкуунун жыйынтыгында Салянованын сунушу күн тартибине киргизилди.
Былтыр УКМК “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнү, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтерден улам ырасталганын билдирген эле. «Ата Мекендин» депутаттары атайын кызматтын бул маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан.
Булак:Азаттык

Аргумент.kg