Аида Исатбек кызы: “Түндүк-түштүк жолун жаап коюу менен маселе чечилбейт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Аида Исатбековна, сиз жакында эле түндүк-түштүк альтернативалык жолуна барып, жолдун акыбалы менен жеринде таанышып келген турбайсызбы?

— 28-апрелде транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев, анын орун басары Таабалды Тиллаев болуп түндүк-түштүк альтернативалык жолун, тагыраак айтканда, Жумгал менен Казармандын аралыгындагы участокту көрүп келдик.

Себеби, буга чейин да ал жакта бир топ унаалар жабыркаган болчу. Өткөн жумада да бир машинаны таш басып кылып, дагы жакшы, ичиндеги жарандар жабыркаган эмес.

Ошондуктан, тез арада чечкиндүү иштерди жасабасак болбойт. Жолду жаап, же болбосо таш түшкөн жерин тазалап коюу маселенин чечилиши эмес да. Мисалы, кырсыктан жабыркаган унааларга компенсацияны ким төлөп берет?

— Унааны таш баскан окуя кайсы айылда болгон?

— Казарман аймагында, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун 195-291-чакырымында болгон. Негизи жолду салып жатканда коркунучтардын, тобокелчиликтердин баарын эске алыш керек болчу.

Менин баамымда, булар эске албай, шашылыш эле салып коюшкан. Албетте, жолдун курулганы жакшы болду, Казарман эли мурдагыдай Нарынды айланып 12 саатта эмес, 5 саатта келип жатат. Бирок, коопсуздук жагы да өтө маанилүү эмеспи.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg