Ахматбек Келдибеков өкмөт башына келсе, карапайым калк үчүн утуш болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутаттар 2023-жылдын бюджетин кабыл алуудан баш тартышары, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго ишеним көрсөтпөөгө бел байлашары талкууда. Аныгында, буга чейинки анын айткандары жел сөз, асмандан алынган цифралар экени бадырайып, реалдуу көрсөткүчтөр оңунан чыкпай калганы жашыруун эмес. Көз жазгыруу көпкө узабайт эмеспи. Сыягы, бийлик билермандары деле Акылбек Жапаров менен алыска бара алышпай турганын сезип отурушса керек. Оппозициялык маанайдагы депутаттар деле каршы чыгышууда. Өкмөттүн отставкасын талап кылгандар да дүргүй башташты. Мындай шартта “мал болбой калды” деген кепти эрксизден эстейсиң. Оомат кеткендин белгиси да… Эмесе, ордуна ким татыктуу? Коомчулуктун баамында, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун өкмөт башына келиши – туура тандоо болмок. Азыр караңгыдан көз тапкан, чечкиндүү, саясатты терең түшүнгөн, о.э. күчтүү финансист, дасыккан экономист керек. Бул сапаттар Ахматбек Келдибековдо жетиштүү. Ал соцфондду, салык кызматын жетектегенде жогорку деңгээлдеги ийгиликтерди жараткан. Кризис-менеджер катары жаш кезинде эле таанылганы ырас. Тажрыйбалуу, мыкты уюштургуч. Эсепти так билет. Популизм менен ойнобойт, реалдуу картинаны гана көрсөтүп, ошого жараша иш алып барат. Бир-эки жылга карай алдын ала анализ жасап, туура багытты көрсөтөрү шексиз. Кыскасы, Ахматбек Келдибековдун иштөө практикасы жогорку чеберчиликте. Демек, кызганбай эле көтөрсөк, карапайым калк үчүн утуш болмок. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бекеринен айтылбаса керек.

Булак:”Азия Ньюс” гезити

Аргумент.kg