Ахматбек Келдибеков: “Мен илимий иштер менен алекмин, саясый топ түзгөн жокмун”

Ахматбек Келдибеков: “Мен илимий иштер менен алекмин, саясый топ түзгөн жокмун”

25-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

— Ахматбек мырза, оппозициячыл ордодон көрүнбөйсүз. Ошол эле учурда “башка бир саясый топ түзүп атат” деп угуп атабыз…

— Мен азыр илимий иштер менен алекмин, докторлук ишимдин камын көрүп. Жеке өзүмдүн майда-чүйдө иштериме алаксып, бала-чакага көңүл буруп, андан сырткары, соттук иштер бар эле… Ал эми “саясый топ түзүү” дегениңиз боюнча сизден биринчи угуп атам. Тынч эле жүрөбүз…

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити