Аэропортко тиешелүү болгон баалуу металдар,жетекилик тарабынан мыйзамсыз сатылган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Каракол» аэропортунун кызмат адамдары тарабынан аэропорттун техникасын ,баалуу металдарын мыйзамсыз сатып жибергендер аныкталды.Бул тууралуу УКМК нын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой,»Каракол» аэропортуна ыкчам издөө иш чаралры болгон.Натыйжада издөө учурунда Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү профилдеги экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушу менен таанышкан.

Учурда аталган иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg