Адвокат Бактыбек Жумашев Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими боюнча Жогорку сотко кайрылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык соту 14-апрелде адвокат Бактыбек Жумашевдин Биринчи Май райондук сотунун Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими боюнча доо арызын четке какты.

Адвокат Фейсбуктагы баракчасына соттук коллегия доо арыз мөөнөтүнөн кеч берилгенин айтканын жазды.

Бактыбек Жумашевдин белгилешинче, Биринчи Май райондук сотунун чечими 31-мартта чыкканын 3-апрелде гана интернеттен окуган.

«4-апрелде эртең менен соттун кеңсесине чалып, чечимди сурадым. 5-апрелде кечке жуук колума тийди. 6-апрелде апелляциялык арызымды Бишкек шаардык сотуна бергем», — деп жазды адвокат.

Адвокат Бишкек шаардык соту мөөнөт жүйөсүн жөн гана шылтоо кылды деп эсептеп, Биринчи Май райондук сотунун чечими «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамды жана Конституцияны бузарын белгиледи.

Жумашев эми шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылууну көздөөдө.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертүүдө.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Ага ылайык, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.

Аргумент.kg