Адинай Мырзабекованын ата-энеси: «Мага көп көңүл бурбагыла,3 кызыңызды карап,аларга мээримиңизди бериңиз деген»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Медициналык академиянын 5-курсунун студенти, 21 жаштагы Адинай Мырзабекова өлкөдөгү оор кырдаалда Бишкекте ачылган күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан. Ал акыркы 11 күндө абалы оор бейтаптар жаткан «кызыл зонада» иштеп, илдет менен күрөшүп келген. Кесипке өмүрүн арнаган Адинай келечекте көптү үмүттөндүргөн дарыгер болмок. Тилекке каршы, анын шуурудай тизилген ой-максаттары ишке ашпай, ал турсун арабызда өзү жок.

Маркум Адинайдын атасы Замирбек Жээналиев кызы өз ыктыяры менен иштеп жатканын айтат.
«Төрт кызым бар, Адинай кыздарымдын экинчиси болчу. Өзү Ысык-Ата районуна караштуу Юрьевка айылында туулган. Ушул айылдын мектебин бүтүргөн. Быйыл кызым Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсун аяктаган. Өлкөдө оор абал болуп турганда, ал дагы башка студенттер сыяктуу эле ыктыярчы болуп иштеп баштады. Башында 15 күн иштегенге макулдугун берген. Ата-эне болгондон кийин балаңды аяйсың да, каршы болдук. Бирок ал өлкөдөгү абалды көрүп туруп, үйдө жөн отура албастыгын айтты. Каза болоор күнү сүйлөштүк. Биз дагы 15 күнгө келишимди узарттык деди. Эс албайт белең десек «дарыгер жетпей жатса үйдө отура албайм, биз иштеп көптү билип калдык, эми аягына чыгалы» деп туруп алды. Ден соолугун, иштеп жаткан жеринин шарттарын, коопсуздугун сурасам баары жакшы деген. Анан минтип өзүн жаман сезип жатканын айтып чакырды. Барсак кызыбыздан айрылганыбызды айтышты. Кызым ошентип бизди таштап, өзү болсо илдет менен алышып жатып күйүп кетти.
Адинай мектепти алтын медаль менен бүткөнүн, кызы өтө эмгекчил экенин айтып, сөзгө апасы Дилбар Молдокулова кошулду.
«Мектепти абдан жакшы окуп, алдына көп максат койгон. 11-классты алтын медаль менен аяктап, Жалпы республикалык тесттен 207 балл алган. Ал келечекте врач болмок. Медициналык академияга тапшырып, бюджетке өтүп кетти. Ал жакта да жакшы окуп, кызыл дипломдун ээси болмок. Бизге өтө эле камкор болчу. Окуп жүргөндө эс алуу күндөрү келип, биздин бардык жумуштарыбызды жасап берип кетчү. «Силерди түшүнөм, эркек балаңар жок, силерге оор, деп талаага чейин чыгып жумуштарды бүтүрчү. Өзүңөрдү карагыла деп көп айтчу.
Акыркы убактарда кардиолог же хирург болсомбу деп көп ойлонуп жүрдү. Ал менден кеңеш сурап, экөөз көпкө сүйлөшкөнбүз. Акыркы күндөрү Юрьевкага келгиси келбей жүргөн. Баргым келбейт деп койчу. Эмнеге келбей жатканын деле билчү эмесмин. Балким, алдыда ушундай болуп кетерин сезип, бизди даярдай баштаган өңдүү. Бөбөктөрүнө дагы телефон чалып, ата-энемди карагыла, алар чарчашты, жардам бергиле деп көп айтып жүргөн. Мага болсо атамдын жүрөгү ооруйт, жакшылап караңыз, тамагына көңүл буруңуз деп калган. Мага көп көңүл бурбагыла, үч кызыңарды карап, аларга мээримиңизди бериңиз деген. Көрсө мени ушул жашоого көндүрүп келген турбайбы. Кызым бир башкача эле.
Адинай дүйнөнү кыдыргысы келчү. Бирок бири дагы ишке ашкан жок. Германияга кетем деп январь айынан бери чуркап жүрүп виза алган. Ошол убакта абдан кубанычы койнуна батпай жүргөн, анан эле абал өзгөрүп, карантин болуп кетти. Ал ординатураны Питерде же Түркиядан окуйм дегени негизги пландарынын бири болчу»,- деп апасы кызынын максаттары менен бөлүштү.
Адинайдын апасы азыр бейтаптарды аман сактап калуу үчүн жан үрөп иштеп жаткан дарыгерлерге, ыктыярчыларга стационар ачкан адам бардык шарттарды түзүш керек дейт. Маекти андан ары улай:
«13-июлда кызым атасы менен сүйлөшүп андан соң мага чалган экен. Телефонум жакшы тартпай, чалганын байкабай калыптырмын. Ошол күнү түштөг кийин Бишкекке чакырып чалышты. «Студенттердин ата-энелерине чогулуш болот, тезинен келип калгыла» деп чакырды. Бизге эч нерсе айткан жок. Баары жакшы, чогулушка келгиле деген сөздөн башка эч нерсе айтышкан жок. Биз борборго жетип барсак кызыбыздан айрылган суук кабарды угузду. Биздин кызыбыздын эч жери ооручу эмес. Ал ошол күнү эс-учун жоготуп жыгылыптыр. Билбейм, балким жүрөгү кармадыбы же пневмония болдубу белгисиз. Адинайдын эмнеден улам каза болгону бир айдан кийин экспертизанын жыйынтыгы менен чыгат дешти.
Обсервация ачып жатканда, бардык шарттарды карап анан ачыш керек да. Алардын тамак-ашынан баштап, жуунган жерине чейин караш керек. Эгер андай шарт жокпу анда эмнеге ачат? Мисалы алар иштеген стационарда дефибриллятор аппараты жок экен. Биринчи «Тез жардам» кызматын чакырса аларда аппарат жок болуп, экинчиси келиптир. Алар келип, 3 мүнөт кечигип калганын айтып, сактай албай калышыптыр. Чогуу иштегендердин айтымында алар реаниматологдон аппарат сурап барышса алар биз бере албайбыз, ал силердин маселеңер деп коюптур. Мейли менин кызым каза болду, бирок канчалаган балдар азыр иштеп жатышат. Дагы канча апа ыйлайт. Андыктан шартты караш абзел. Биздикиндей тагдыр кайра кайталанбашы керек», — дейт кызынан айрылган эне.

Булак:Супер.кж

Аргумент.kg