Адилет Айтикеев, жарандык активист: “Бакиев боюнча массалык адам өлүмдөрү бар…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Мурунку президенттердин жолугушуусу тууралуу талкуу катуу жүрүүдө. Айрымдары пикирлерин да билдирди. Бакиев боюнча божомолдор дагы күч алды…

— Президенттердин жолугушуусу, менимче, жакшы иш болду. Жыйынтыгы дароо эле президент Садыр Жапаровдун, Аскар Акаевдин берген интервьюларынан белгилүү болуп калды, башкача айтканда, “бул жыйын Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн жасалды” деген божомол жокко чыкты. Бул жерде жөн гана тарыхый миссия аткарылды. Кандай болгон күндө да беш президент тарых жасаган: иштешти, кемчиликтерди кетиришти, айрымдары кылмыш кылды… Ошого карабай, баарынын башын бириктирип, бир үстөлгө отургузуп жыйын курганы – учурдагы президенттин жакшы касиеттеринин бири деп ойлойм. Чындап эле ал эч бир президентке милдеткер эмес. Бирок мындан ар ким түрдүү саясат жасоо менен алек. Айрыкча Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары өздөрүн актап жатышат. Ошол жыйындан кийин чыгып кетип, кайра актанып тескери сөздөрдү айтыштын деле кажети жок. Бул кылмыш эмес. Мага деле инсайдердик маалыматтар түшүүдө. Ал жакка катышкандардын айрымдары менен байланышым бар десем болот. Ашыкча сыр же комбинация деле байкалган жок. Отуруп сыйын көрүп, жакшынакай сүйлөшүп, анан тарашыптыр. Ошонун баарын угуп, жакшы кабыл алдым. Мындан эч кандай саясат издөөнүн кажети жок деп ойлойм.

Акаев боюнча айтсак, Аксы окуясына илгери эле чекит коюлган. Кийин кайра ачылган деле жок. Эгерде Акаевдин Аксы окуясына тийешеси болсо, көрсөтмө берилмек. Мисалы, Атамбаевге Батукаев боюнча дароо эле көрсөтмө берилди. Ал эми Акаев Кумтөр иши боюнча сурак берип, ага бир топ убакыттан кийин чекит коюлган. Аскар Акаевдики ушунча татаал процесс менен бүтүп жаткандан кийин, Бакиевдикин элестетип көргүлө… Курманбек Бакиев отуз жылга кесилген. Массалык адам өлүмдөрү бар. Андан тышкары, Садыркуловдукуна окшогон буюртма жан кыюуларды эстейли. Мына ушундай иштердин баары турса, Бакиевди жөн эле алып келип актап салуу оюнчук эмес. Мүмкүн дагы эмес. Мындан улам, көмүскө божомолдой берүү туура эмес деп ойлойм. 

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg