Адил Турдукулов: “Күтүүсүз төңкөрүш жасап, Садыр Жапаровду кетирүү мүмкүн эмес”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Адил мырза, саясатчылар арасында Садыр Жапаров мөөнөтүнүн аягына жетпей калары айтылып атат го? Угуп атасыңбы? Мындай талкуунун күчөгөнүн кандайча чечмелейсиң? 

— Бизде ушундай, бийликке революция менен келген президентти кайра ошол жол менен кетери боюнча ой калыптанып калган. Анан дагы Октябрь окуясынан бери эки жыл өттү. “Садыр, Садыр!”, “Даканса!” деп кекиртектери айрылганча кыйкыргандар – аны укмуш сыйкырчы катары көрүшсө керек. Кыска аралыкта тез секирик кылып жиберүүнү күтүшкөн го. Андай болгон жок. Ал эми “мамлекетти артка кетирди” дегендерге кошула бербейм. Садыр абам колунан келгенди жасап жатат. Көмүскө экономиканы ачыктап, аракет кылганы буга мисал. Бирок мамлекетти туш-туштан күтүлбөгөн кризистер каптай баштады. Россияга болгон санкциялар экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Чек ара чатагы чыгып, акчаны ал жакка бурууга мажбур кылууда. Инфляция барган сайын көтөрүлгөнгө жооп кылып, ошол эле нукта айлык, пенсияны жогорулатуу аракеттери жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Аны да эл туюп, сезип турат. Мисалы, апрель айында Садыр Жапаровду колдогон катмар 38% болсо, сентябрда араң 34%га түшүптүр. Мындай колдоо сакталып турганда, күтүүсүздөн төңкөрүш жасап жиберүү мүмкүн эмес. Ошондуктан президент менен эсептешүү, ага баа коюу белгиленген шайлоо убагында болот (!) деп ойлойм. Ал эми “мына кетет, эртең кулайт” дегендердин кебине келсек, бул саясый ыкманын бир түрү. “Кризис менен кошо кетирип салабыз” дегендер да жок эмес. Аларды сырттан шыкактагандар да бар. Анткени, Садыр Жапаров салыштырмалуу түрдө тышкы саясатты көз карандысыз алкакта жүргүзүп жатат. Бул аракети кээ бир үлкөн өлкөлөргө жага бербейт да.

— Учурда оппозициялык күчтөр өз ара сүйлөшүп, биригүүнү максат кылып жатышканы талкууда. Канчалык деңгээлде ынтымакка келе алышат? Майнап чыгабы? 

— Оппозиция кырдаалды колдонуп, бириге берет. Азыр кечээги душмандарды бир трибунада көрүп жатабыз го? Эми бул нормалдуу көрүнүш. Менин байкашымча, мурдагы президенттерге салыштырмалуу Садыр Жапаров оппозицияны кызмат менен тартуу аракетин көргөн жок. Өзүнө, командасына толук ишенгендей түр көрсөтүүдө. Бирок бийликтин ичинде кайсы бир деңгээлде ажырым да кеткендей. Талант Мамытовдун спикерликтен түшкөнү – бийликтин тең салмактуулугуна доо кетиргенин айгинелейт. Ай сайын министрлерге кылмыш иштери ачылганы туруктуулукка шек келтирет. Азыр көчө оппозициясы менен катар парламентте да Жапаров-Ташиев тандемине таарынгандар пайда болуп жатканын көрүүдөбүз. Эшиктин артында жакалашканга чейин барышууда. Буга кечээги чек ара маселеси, азыркы Кемпир-Абад жөнүндө талаш да далил. Бийликтин Өзбекстан менен чек араны 100% чечкенге далалат кылып жатканы алгылыктуу көрүнүш. Бул саясый эркти талап кылат. Бирок эмне мынча тездикте процесс жүрүп жатканы кооптондурбай койбойт. Менин угушума караганда, буга “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу демилгеси болууда. Эң оболу Ташкент, анан Пекин дагы чек араны чечкенде гана курулушка киришүүгө батынышкандай. Ошого карабастан биз бир максатка жетиш үчүн башка жактан утулбасак дейм. Анткени, биздин эң башкы табигый, геосаясый, экономикалык да рычагыбыз бул – суу байлыгыбыз. XXI кылымдын башкы кенчи да ушул. Суунун төрүндө болгондор башка үлкөн державаларга да өз шарты менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат. Ошондуктан, Кемпир-Абад маселесин Шавкат Мирзиёев келеринде чечип койчу иш эмес. Керек болсо референдум өткөрүнү да ойлонуштуруу керектир…

— Эки жылдан берки бийликтин кадр саясаты купулуңа толобу? Бизде интеллектиси жогору кризис-менеджерлер арбын. А эмнеге алар эл кызматын кылууга барышпайт?

— Кадр саясатында үч нерсе болушу кажет: ачыктык, кадрлардын профессионалдык деңгээли жана туруктуулук. Үчөө тең жок. Эмнеге, кайсы себептен кечээги коррупцияга баткан чиновникти коюп жатканын түшүнбөйсүң… Саясый оюндарды да көрүп жатабыз. Бир эле мисал келтирейин, Алмаз Мамбетовду. “Премьер-министрликке барат” деген имиштер чыкты да, заматта эле Балыкчы мэрлигин эстешип, кылмыш ишин токуп коюшту. Эгерде Балыкчыда жаман иштесе, туура эмес кадамга барса, анда эмнеге ГРСтин башчысы, анан экинчи борборубузга мэр кылдыңар? Ушундай суроо туулат. Мындай көрүнүштөн кийин жаш, таза, амбициялуу адам мамлекеттик кызматка барбаса керек.

— Садыр Жапаров түрмөдө жатканда акциялардан боштондугун айтып, интервьюларды берип, дайыма моралдык жактан колдоо кылып жүрчүсүң. Болочок президенттин саясый рейтингин өстүрүүгө кандайдыр бир деңгээлде салым кошконуңду жакшы билебиз. Кийин байкасак, бул жагын милдет деле кылган жоксуң… Соңку көз карашың кандай? Убагында Садыр Жапаровду колдогонуң туура эле болгонбу?

— Мен Садыр Жапаровго саясый негизде куугунтук болуп жаткандыгы үчүн колдогом. Ошондуктан, буга эч качан өкүнбөйм, тескерисинче, сыймыктанам. Ошол эле Өмүрбек Текебаевди, Бекболот Талгарбековду, Жеңиш Молдокматовду жактап, бошотулушун талап кылгам. Азыркы убактан алсак, Адилет Балтабайдын, Ырыс Жекшеналиевдин эркиндикке чыгышын, акталышын талап кылып жатам. Анткени аларга да саясый куугунтук жүрүүдө. Дагы деле эски система тамыр жайып, укук коргоо органдары репрессиялык ыкмалардан арылбай жаткандыгы өкүндүрөт. Бул тармакта реформа боло электиги ырасталууда.

Садыр Жапаровго келсек, ага оор жүк артылган. Андыктан, туура иш кылса кубаттайм, жаңылышса сындайм. Сыртта карап тура бербейм. Бизде жаман көнүмүш адат болуп калган: бийликти же оппозицияны тандашың керек. Бул түп-тамырынан туура эмес. Кара кылды как жарган калыстыкты карманалы. Дагы деле болсо Садыр Жапаровго ишеним чоң. Түпкүлүгүндө мамлекетти жакшы жагына өзгөртүүгө ниети бардай. Бирок ал кеч боло электе кошоматчылардан арылып, элди бириктирип баштаса, баардык максаттар ишке ашышына бөркүмдөй ишенем.

Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg