Адил Турдукулов: “Атамбаевдин камоо чарасын өзгөртүп, абактан чыгарыш керек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Бийлик отузга жакын саясатчы, бейөкмөтчү, активисттерди камап, коомчулукту убактылуу тынчтандыргандай сезилди. Дал ушул көрүнүш – түрмөгө отургузуулар туура болдубу, же келечекке карай тескери “жемишин” береби?

— Кыргызстан көз карандысыз өлкө болгондон кийин ар бир президенттин убагында саясый туткундар болуп келген. Бул илдеттен бийлик дагы арыла албай койду. Саясый куугунтукту башынан өткөргөн адам мындайга барбасына үмүттөнгөнбүз. Өкүнүчтүүсү, андай болгон жок. Ошондуктан бир адамга бүт бийликти оодарып койбой, саясый системага тең салмактуулук керек экенин айгинелейт. Бул – парламенттин көзөмөлүн күчөтүү, сот, укук коргоо органдарын саясый курал болтурбоо чараларын киргизиш керек экенин түшүндүрөт.

Ал эми азыркы саясый туткундарга келсек, алар Кемпир-Абад иши менен байланышканын көрүп-билип жатпайбызбы. Бийлик максатына жетти, ошондуктан Мирзиёев Кыргызстанга келип кеткенден кийин аларды сөзсүз түрдө бошотуу зарыл. Антпесе коом ого бетер радикалдашып, саясый абал туруксуз бойдон кала берет.

— Алмазбек Атамбаевдин саясый рейтинги өсүп баратканы талкууга алына баштады. Чын эле элибиздин көпчүлүк катмары ооп баратабы?

— Атамбаев кантсе да экс-президент. Атын жок кылып, өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Анын жетишкендиктерин, кемчиликтерин биз эмес, эмки муун тыянак чыгарып, баасын берет. Ошондуктан Атамбаевдин камоо чарасын өзгөртүп, абактан чыгарыш керек деп эсептейм. Ден соолугу да начар, кайра президент болоюн деген ниети да жок. Кайсы бир саясый күчтөр колдошу мүмкүн дечи, бирок анын абакта болгону рейтингин жогорлутатып жатат. Ага мен кошулам. Ошондуктан бийлик стабилдүүлүктү көздөсө, бошотуусу абзел.

— Бийлик үчүн ички-тышкы негизги коркунучтарды белгилегенге аракет кылып көрбөйлүбү?..

— Сырткы коркунучтардан тездик менен өзгөрүп жаткан геосаясый абалды айтсак болот. Кыска мөөнөттө өкмөт санкциялардан буйтап өтүүгө аракет кыла берет. Анан дагы коопсуздук, экономика жагынан Россия менен тыгыз байланыштан арылып, тышкы саясатта тең салмактуулук кылууга аракет болушу кажет. Андан тышкары, чек ара чатагы кайра тутанып кетиши, муну сырткы күчтөр колдонуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан бийлик ичтен душман издебей, саясый консолидацияга жол алса дейт элем.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg