Адаханга бийлик айбат көрсөтүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көптөн бери көрүнбөй кеткен белгилүү саясатчы “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров аймактарда эл менен жолугушууда жүргөнү маалым болду. Ал Баткен, Исфана эли менен жолугушуу үчүн бармак, бирок бийлик бут тосуп жатканын да кошумчалады. Анын айтымында, ар кандай бут тосуудан улам 22-23-август күндөрү белгиленген Баткен жана Исфана шаарларындагы жолугушууларын токтоткон. Мында эч кандай саясат жоктугун, болгону жаңы китептин бет ачаары болоорун айткан Мадумаров, бийликтин бул аракетин амалдуу, көнүмүш куу аракетке өтүп алды деп кошумчаган. “Баткенде жыйын болмок. Булар аябай куу аракетке өтүп алды. Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартпасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп, бирөөгө шылтап койбосун дедим. Элдин тынчтыгы үчүн деп кайттым. Бирок, Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда жакшы деңгээлде өттү. Китептин ачылышы жана жолугушуу да болду”, – деди Мадумаров. Мадумаровдун айтымында, бул жолугушууларда журналист Айданбек Акмат уулунун калемине таандык, “Жалгыз доо” деп аталган китептин бет ачары дагы болду. Ал китепте саясий ишмер Апсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун мамилеси баяндалат. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийлик эч кандай кийлигишпегенин айтууда.
Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg