Адахан мырзанын таянганы авторитардык бийлик пир туткан Кремлби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тышкы саясатта Орусиянын бийликчил адамдары Казакстан деген мамлекет болгон эмес деп дамаамат айтып келет. Ага каршы пикир билдирген болуп Касымжоомарт Токаев Путинге айрым бир учурда тил кайрымыш болуп эл көзүнө көрүнөт. Түркиянын башчысы Эрдоган менен бирдемелерди сүйлөшүмүш болот. Бирок иш жүзүндө авторитардык бийликти коргоп турган Кремлди пир тутат. Анысын өз элинен жашырат.
Анын сыңарындай кыргыз саясатында да Мадумаров сыяктуулар саясий серепчилерди ойго салчу болду. Эмне аны күчтүү оппозиция кылып көрсөтүү максатпы?! Бул саясатчынын далай териштирилчү иштери турат! Ал парламентке кайсы элдин өкүлү болуп барганы абдан кызык. Адахан мырза иш жүзүндө да, сөз жүзүндө да эл, жерди саткандардын сап башында эмеспи?!

Рай Керки

Аргумент.kg