Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишинин беренеси өзгөрдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин беренеси мамлекеттик чыккынчылыктан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга өзгөрдү. Бул тууралуу журналисттерге депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурордун Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча сунушун караган депутаттык комиссия чечим кабыл алуу үчүн бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгууну чечти.

«Комиссия бир чечимге келген жок. Мен жалгыз башкы прокурордун сунушун четке кагууну сунуштадым, бирок депутаттардын көбү маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгып, чечим кабыл алууну чечишти, себеби алгач мамлекеттик чыккынчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал берене боюнча депутаттардын көпчүлүгү башкы прокуратуранын чечимин четке кагууга даяр болчу, бирок бүгүн берене кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалууга өзгөргөнү белгилүү болду», — деди Масалиев.

Аргумент.kg