Адахан Мадумаров: «Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатат»

Адахан Мадумаров: «Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатат»

29-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын сайтында 1 миллиондон ашуун добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калганын сынга алды.

«Мына көрдүңүздөр, бир аз убакыт мурда эле БШК жалпы 1,2 млн. чамалуу шайлоочу добуш берди деп маалымат берип жаткан. Мына, азыр көрүп турасыздар, бийликчил төрт партия миллион чамалуу добуш алды деген маалымат пайда болду. Калган үч партияга 200 миң добушту кантип бөлүп берет? Мен шайлоо учурунда бийликтин — эки достун жана элдин таймашын гана көрдүм. Азыр эми кечээ пайда боло калган төрт партия ийгиликке жетишип жатат», — деди ал.

Мадумаров аралаш система менен шайлоого добуш берүүнү шайлоочулар түшүнбөй калганын да кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 28-ноябрдагы шайлоо аралаш система менен өттү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.