Ачууланган адамга 6 кеңеш…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ачуу менен ыза акмактыктын белгиси. Ошондуктан ачууланган адамга добуш көтөрүүнүн ордуна өзүңүз бир сабыр кылыңыз. Таарынышып аны да өзүңүздү да кыйнабаңыз. Өткөн ишти кайра калыбына келтире албагандыктан анын келечекте кайталанбашы үчүн аракет кылыңыз. Ачык отуруп сүйлөшүү жардам бериши мүмкүн.
“Айтылбаган сөзгө өзүң ээсиң, ал эми айтылган сөзгө өзүң кулсуң”,-дегендей кандай гана абал болбосун, ичте тынчтык бербей жаткан сөздөрдү айтпай, сабыр сактаган оң. Ачуу менен айтылган оор сөздөр, убакыт өтүп, унутулуп кетет. Бир мүнөттүк сабырсыздыктын айынан, анын кесепети менен күрөшүүнүн кереги жок.
Сизди канча жерден ачууландырып турса да, ал адамга эч нерсе айтпастан, көзүнө тик карап, кетип калыңыз. Бул аракетиңиз ага таасир бербесе да, аны ойлондурушу мүмкүн. Бул кадамыңыз менен сиз анын катачылыгын бир аз сездиресиз. Айыптуу адамдын алдында аброюңуз арта түшөт. Ушуну эстен чыгарбаңыз. Баардыгы ачуу менен эмес, кечирген адамдын кейпи менен, таза көңүл менен жасалышы керек.
Ачууланган адамга кек кайтарбаңыз. Анда сиз утуласыз. Мындайда сыр бербей чыдамдуулук көрсөтүңүз. Өзүңүздү коёрго жер таппай, ичиңиздеги терс аракетиңизди ага чыгарып ийүүдөн карманыңыз. Жаныңызга жакын адам менен сүйлөшүңүз, сырдашып, сырыңызды аңтарыңыз.
Өзүңүзгө ичтен “токто” деп айтып, аны адатка айлантыңыз. Өмүрдө жашоодо кечирилбей турган күнөө жок. Кимдин ката кетиргени, кимдин ката кетирбегенин, жасаганын ажыратып, айырмалай турган сиз эмес. Ар ким өзүнүн амалына карата жооп берери белгилүү.
Ачууланып адамды таарынтып алгыңыз келбесе, анын телефон коңгуроолоруна бир аздан кийин, ачууңуз тараганда жооп бериңиз. Өзүңүзгө келүүнүн дагы бир жолу өзүнчө калып, ыр угуп, сейилдөө.
БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg