Ачкачылык кармап жаткан Рита Карасартова камакта калтырылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык соту бүгүн, 26-декабрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Рита Карасартованы камакта калтырды. Биринчи Май райондук соту аны 20-февралга чейин камакка алган, шаардык сот бүгүн ошол чечимди күчүндө калтырган чечим чыгарды.

Камактагылардын көбү ачкачылык кармап жатышат. Алардын арасында Рита Карасартова да бар.

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту бүгүн карай баштады.

Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков, активист Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Эрлан Бекчоро уулу боюнча да ушундай эле чечим чыкты.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Аргумент.kg