Абылгазиевдин өкмөтү оңбой калды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казына калдырап бош калганын бир топтон бери жазып жатабыз. Учурда өкмөт дээрлик бул жылдын салыгын алдын-ала жыйнап алып койду.  Алдыда бир кварталдын боштугун кийинки жылдын салыгы менен толтурабызбы деп баш катыргандар көп.
Суу сактагычтарда суу сатылып, калбай калды. Натыйжада «Кумтөргө» Сары-Чат, Ээр-Таш мамлекеттик өзгөчө коруктун аймагынан 16 миң жер берилип кетти.
Албетте, бюджетти толтурууга жем чачса керек. Жеке чөнтөк деле кампайгандыр. Эми болсо билим берүү тармагын реформалоого делип, Евросоюз бөлүп жаткан 35 миллион доллардын 32 миллиону бюджетти колдоого кетип жатканы айтылууда. Анан кайдагы реформа?
Ката жазгандарды сындап, контейнер мектепке суктанып отура беребиз да. Ал ортодо жол эрежесин бузгандарга 1000 сомдон айып төлөтүү механизми ишке кирди. Кызарган жерди кузгунчасынан чокуп жатышат… Айтор, Абылгазиевдин өкмөтү оңбой калды.. Бул тууралуу «Ачык саясат» гезити жазы чыкты.
Булак: «Фабула»

Аргумент.kg