Абылгазиев толук акталабы же ?…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кочкор айылында ачылган Кыргызстанды бир топ жыл башкарган Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылышында бул райондон чыккан тың чыкма саясатчылардын бир тобу жүрүштү. Арасында кичине мурдараак өлкөнүн өкмөтүн башкарган Мухаммедкалый  Абылгазиевдин да карааны көрүндү.

Негизи Абылгазиев өзүн чоң саясатта тынч алып жургөндөрдүн катарына кирет. Бирок кийинки убактарда анын төбөсүн кара булут каптап бир эмес бир нече кылмыш иши да козголуп жиберип, аз болсо да абактын ичин көрүп чыкты. Ага Кумтөрдү иштеткен Канадалык компанияга ичиде мөнгүлөру да бар жер аймактарын бөлүп берип койгон өкмөттун токтомун чыгаргандыгы күнөө болуп тагылды. Андан сырткары дагы бир иши кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз баюу деп аталды. Бул иш коомчулукта көп суроо жаратты. Анткени коомчулук Абылгазиевдин кантип олигархтардын катарына киргени тууралуу деле маалыматы жок. Ал бир аз камалып калган кезде тергөө менен кызматташууга барып, мамлекеттин казынасына 50 млн. сом акча төлөп берип боштондукка чыккан. Андан бери тергөө уланып жатабы жокпу көп деле маалымат жок. Абылгазиевдин фигурасы өтө жогорку бийликти көп деле кызыктырбайт деген пикирлер да жок эмес. Ошон үчүн акырындык менен унуткарылып козголгон иштер деле токтотулчудай. Эмне дейли? Эгер чындап эле анын аракетинде эч кандай кылмыш жок акталып деле кетсин, күнөөсү болсо анда иш аягына чыгып мыйзамдуу чекит коюлушу зарыл. Айтор экс өкмөт башчы Абылгазиевдин тегерегинде жообу жок суроолор басаңдабай арбып эле баратат.

Аргумент.kg