«Аброюма шек келтирди». Гүлшайыр Садыбакасова депутаттан кечирим суроону талап кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы парламентте маданият тармагындагы кадр маселесин, анын ичинде Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы тууралуу кеп козгогон. Ал филармониянын имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн, имарат жараксыз абалда турганын айткан.

Аида Исатбек кызы 22 жылдан бери Гүлшайыр Садыбакасова директор болуп иштесе, бюджеттин акчасы кайда жумшалганына кызыгып, кадрларды кайра карап чыгуу керек деп белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси Гүлшайыр Садыбакасова депутаттын билдирүүсүнө жооп берди. Ал социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү калтырып, куру доомат койгону үчүн депутаттан кечирим суроосун талап кылды.

«Менин жумуштан кетүүмдү министр чечет! Кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү миң түмөн иштеримдин бирөөсүн да сен жасай албайсың! Бирок эки ай мурда министр Алтынбек Аскарович, министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев үчөөбүз олтурганда «мен ден соолугума байланыштуу жаңы жылдан кийин уруксат берсеңер жумуштан кетейин, ордума тактыктуу балдардан коёлу» деп сүйлөшкөнбүз. Сенин мага жөнсүз, куру жалаа менен асылууңдан кийин негедир кайра чыйралып, улуу аталарыбыз Миталип Мамытов, Мамбет Мамакеев, Эрнис Акрамовдордой болуп жашым бир топко барганча иштей берсемби деп да ойлонуп калдым. «Эл тааныган аброюума шек келтирип, ак жерден каралап 22 жылдан бери иштебей олтурат» деген жалган жалаа, куру дооматың үчүн, менден кечирим сурооңду талап кылам!», — деп жазат.

50 жылдан бери иштеп келе жаткан маданият өкүлү филармонияга кантип кегенин айтып өттү.

«2000-жылы Ош облусунун ошол кездеги губернатору Темирбек Акматалиев менин каршы болгонума карабай «ызы-чуусу, жаңжалы, тирешүүсү токтобогон Ош филармониясынын жамаатын ынтымакташтырып, мекемени өнүктүрүп бериңиз» деп суранып директорлукка алып келген. Эки жылда коллективди ынтымакташтырып, бириктирип, жагымдуу атмосфера түзө алдым. Аталган мекеменин ишин алга жылдырууда, материалдык-техникалык жана адистик-чыгармачыл базасын чыңдоодо тыным албай эмгектендим. Өз ишимди чоң жоопкерчилик менен аткарып, филармониянын концерттик ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн үстүндө талбай иштегендигимдин натыйжасында жалпы көркөм жамаат бир нече эл аралык, республикалык фестивалдарга кароо-сынактарга, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, ийгиликтерди жаратып, Орто Азияга, чет өлкөгө таанымал маданият мекемесине айланды», — дейт Садыбакасова.

Аргумент.kg