Абдилсатар Жусубалиев: “Муфтийдин орун басары Асанали 7 жылдан бери алдап, карызымды бербей жүрөт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биздин кеңсеге Абдилсатар Жусубалиев таксыр келиптир. Ыйык Орозо айына чейин эле келерин жана бир тууган кайниси, Кыргызстан муфтийинин орун басарынын жоруктары тууралуу токтолду. Анда кеп башынан болсун.

— Абдилсатар мырза, биздин редакцияга кайрылганыңыздын себебин айтсаңыз?..

— Көп жылдан бери муфтийдин орун басары, кайним Асанали карыздарымды бербей жүрөт. Болжол менен алганда бери жагы 7 жыл болду. Ар жыл сайын алдайт, “берем” дейт, бербейт. Төрт айлык дааватка барып келгенден кийин жолуксам, “жезде, сизди кантип унутайын. Акыретке калтырбайм, корком. Бу жалган дүйнөдө берем да” деген. Берген жок. Андан бери эле канча ай өттү?..

— А киши сизге конкреттүү түрдө эмне карыз жана кандайча алды эле?

— “Эсепчини жут алат” дейт. Конкреттүү түрдө мынча акча дегенден алысмын. Биргеликте там салганбыз. Машинем бар болчу. Болгону акымды берсин.

— Акыңызды канчага баалап атасыз?

— 7 жылдан бери бирге курган тамда жашабаптыр. Ошону берсе жетет.

— Болдубу?

— Анан азыркы жумушунан кетсин. Бул менин талабым. Эми караңыз, бир тууган жездесине ушундай мамиле кылат, кууратып, анан элге жакшылык кылабы? Андан көрө ыйык Орозо айында Кыргызстан муфтийинин орун басарлыгын өткөрүп берсин. Ал кызматта турганга эч бир укугу жок!

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg