
Абактагы Равшан Жээнбековдун жубайы эки айга камалды
27-бугу, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 26-майда Бишкектин Биринчи Май соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасын тандады.
Соттун чечимине ылайык, ал 24-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Буга чейин адвокат Разак Ашымбаев Алимбаева Бишкектеги эки жерди мыйзамсыз басып алган деген шек менен кармалганын билдирген.
Анын айтымында, бул жер тилкелери мэрия тарабынан туура эмес сатылган.
Аны УКМК 25-майда 12:00 кармалганын укук коргоочу Азиса Абдирасулова билдирген.
Булак:Аргумент кж