Абактагы активист Шаменов ооруканага жаткырылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Ооруканага жаткырылышы зарыл» деп медиктер айткандан 27 күн өтүп, акыры Шаменов ооруканага жаткырылды»,-деп жазды Жоошев.

Өткөн жылдын 23-октябрында Ички иштер министрлиги тарабынан саясатчы, жарандык активист, укук коргоочулар кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

27-октябрда Шаменов Москва шаарынан кармалганы кабарланып, Орозайым Нарматова менен бирге Бишкекке жеткирилген.

Аргумент.kg