Абакта жаткан Атамбаев саясий упай алууда. Көрөгөч экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ар бир саясый чыр-чатактан абактагы Алмазбек Атамбаевдин айланасында да талкуу жаралып, көпчүлүктүн баа берүүсү мүнөздүү көрүнүшкө айланып баратат. Маселен, чек арага тике турганы, кошуна президенттерге кыр көрсөткөнү, намыскөйлүгү, мамлекеттүүлүк үчүн бекем позициясы ж.б. Ал эми соңку учурдагы Орхан Инандынын жоголушу боюнча коомчулукта талкуу күчөп, саясый жаңжалга айланганына баарыбыз күбөбүз. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда «Себат» мектептерин жаппай турганын билдирип, аталышын «Сапатка» алмаштырып, Түркияга акаарат келтиргенин кайрадан эстедик. Бул өңүттөн экс-президенттин убагында айткандары элге тарап, колдоого алынууда. 2016-жылы Эрдоган менен жылуу мамилесине карабай Орхан Инандыны түрк бийлигинен сактап калганы, агартуучуну колдоого алганы кубандырууда. Аныгында, Атамбаев көрөгөчтүк кылып, билим берүүгө үлкөн салым кошкон заманыбыздын залкар каарманына туура мамиле кылыптыр. Учурда саясый упай алууда. Убакыттын өтүшү менен кимдин-ким экени ачыкталып атышы жөн жерден эмес го? «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg