Эдил Байсалов: Карантин киргизип, мектептерди жапкандан пайда жок
20-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана төраганын орун басары Эдил Байсалов коронавирус боюнча акыркы кырдаалга байланыштуу маалымат берди.
Эдил Байсалов өлкөдө кайрадан карантин киргизүүнүн кереги жок деп эсептейт.
«Мектептерди жаап, карантин киргизген менен пайда жок. Жаңы омикрон штаммы бүтүндөй өлкөгө тарап кетти.
Болгону эгер адамдар сасык тумоо же коронавирустун белгилерин байкаса, дароо обочолонуп дарыланууга тийиш»,- деди Байсалов.
Мындан сырткары, ал ПЧР-тест тапшыруунун зарылчылыгы жок экенин кошумчалады.