Апам эмнеге күйөөмдү үйгө чакыргысы келбей турганын билип ыйладым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Апама чалдым. — Эмне дейт? — Бүгүн дагы конокко кетерин айтты. — Кызык, апам үйдө турбай калган го. Күйөөм апама чалып, үйдө болсо кабар алалы деп сураса эле, апам жок дей берет. Көбүнчө конокко кетерин айтат. Кээде ооруп калат. Айтор, биз барабыз десек эле, үйдө турбайт. Күйөөм мага ачык айтпаганы менен апам аны көргүсү келбей жатканын түшүнүп турат. Мен да жаман болом. Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болду. Апам минтип күйөө баласына жолуккандан качып жатат.

— Апа, жакшысызбы?

— Жакшы, кызым, кандай жүрөсүң? — Сонун апа. Бирок, күйөө балаңыз барам десе макул болсоңуз, андан сонун болмок. — Кызым, ага себеп бар. Кеп күйөө баламда эмес. Бошогондо өзүң эле үйгө келип кетчи. Эмне болуп кетти экен? Жумуштан суранып айылга жөнөдүм. Апам сыртта тоокторго жем чачып жүрүптүр. Мени көрүп «айланайын кызым» деп чуркап келди. Бетимден өөп, чекемден жыттады. Апам ай, сизди канчалык жакшы көрөрүмдү билсеңиз кана… Үйгө кирип эле көзүм потолокко түштү. Жамгыр жаап, потолок түшүп калыптыр. Апам ошондон уялып күйөө баласын үйгө конокко чакыра албай жатыптыр.

Кичинекей үч бөлмөлүү үйүбүздөн көрк

кетиптир. Апаман эмнеге айткан жоксуз десем, бизди убура кылгысы келбегенин, пенсиясын күтүп отурганын айтты. Ачууланып ыйлап жибердим. Күйөөмө айтып бердим. Ыйладым. Унчукпай угуп отурду. Эртеси апам чалды. Үйгө усталар келгенин, баарын ремонттап башташканын айтты. Мени жиберди деп ойлоптур. Ооба, деп койдум дагы дароо күйөөмө чалдым. — Апама мен экенин айтпай эле кой. Күйөө баласынан катуу уялса керек. Үйдү толук ремонттоп беришет. Дос баламдын бригадасын жөнөттүм. Сен кабар алып мага отчет берип тур. Экинчи ыйлаба. Мен барда ыйлаба, уктуңбу.

— Макул. Жакшы көрөм сени.

— Мен дагы. Кечээ апам чалды. Күйөө баласын тамак ичип кет деп чакырды. Дем алыш күнү айылга жөнөдүк. Апам дагы эле тоокторуна жем чачып жүрүптүр. Бизди көрө калып, чыныдагы суусун көтөрүп чуркап келатты. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg