Бала төрөп фигурам бузулганда кайын энем минтип оозумду ачырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Кыз-жигит кезибизде кайын энемди аябай «стерва» кылып сүрөттөчү. Башында баласы айтып жаткандан кийин ошондой эле болсо керек дечүмүн. Кээде сүйлөшпөй эле койсомбу, кайын энем кату болуп калса кантем дейт элем. Ортодон бир жыл өткөндөн кийин тааныштырууга чакырды. Башымды, «эмне кийсем экен», «узунураак көйнөк сатып алайын», «чачымды өрүп же түйүп койсомбу», «боенбой эле коет окшойм», деген ойлор ээлеп алды. Ошол күн келди. Кайын энемди көргөндө оозум ачылып калды. Аны 55 жаштан ашкан аял, болгондо да айыл жергесинде жашаган деп эчким айтпайт. Орусча айтканда «стройная» экен. Бою, чачы узун, ашыкча

салмагы жок, кашы терилген, тырмактары

жасалган. Кыскасы мен элестетип алгандай «желмогуз» эмес. — Буга чейин мынча узун көйнөк кийген эмес окшойсун? — Ииий, ооба. Мага спорттук кийим менен жүргөн ыңгайлуу. — Мага да мурун жакча. Азыр көйнөк менен жүргөн жагат. — Айий, бат эле тил табышып кетесиңерго, деп жигитим күлдү. Баш коштук. Баары ойдогудай, күйүмдүү күйөөм, өз кызындай көргөн апам бар. «Өз кызындай» десем аша чаап кеткен болом. Бири-бирибизди сыйлаган кайын эне келин болдук. Жолдошум экөөбүз туруктуу жумуш таап, дарыгерлерге текшерилип, витаминдерди

ичип балалуу болууну пландагыча бир

жылдаи өттү. Апам менен жолдошум боюмда бар экенин укканда кубанычтарын жашыра албай бийлеп жиберишти. Жалгыз уул болгону үчүн батыраак неберелүү болгусу келсе керек. Ошентип биз күткөн күн келди. Кыздуу болдук. Атын кеңешип «Адель» деп койдук. Кыркы чыгып, келиним тыңыгыча үйгө келбей тургула деп, бала көрчүлөрдү токтотуп салды. Төрөттөн кийинки депрессияга мени колдоп турган адамдар болсо дагы баттым. Стресс болгондуктан семирип дагы кеттим. Бир күнү кайын энем мени карап: — Мурункудай фигураңды сактап калгың келеби? Мендей сулуу боюнча калгың келеби ыя? — Иий апа, албетте. Бирок чарчап, стресс

болгонго семирип эле баратам. Курсагым да ушул боюнча калып калбаса экен.

— Ошол үчүн эртеңден баштап фитнеске же йогага барсаң болот. Сумкамды карасаң абонимент алып койдум. Баланы болсо мен карап турам. Эми, небереме эки саат чыдабай эмне болупмун. — Апаа, күткөн эмесмин. Чоң рахмат. Кайын энемди идеалдуу деп айтпайм. Кээде кайын энелигин кылып коет. Жумуштарыма кийлигишет. Келиндер мени жакшы түшүнсө керек. Бирок бул кылганын эстесем жүрөгүм жылыйт. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg