Жакында Өмүрбек Текебаев кызматка барабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айрым билермандар тарабынан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кызмат берүү идеясы көтөрүлүп, акыл калчанып калгандай. Ишке ашарын азырынча айтуу эрте.

Себеби, былтыр Германиянын элчилиги чечилип, агреман келгенден кийин Өмүке айнып кеткен. Андыктан, бул жагынан этияттап мамиле кылышары анык.

Негизинен оппозициянын көрүнүктүү лидерлери менен бийликтин кызматташуусу туура. Көч башында Текебаев тургандан кийин, аксакал курактагы каарманыбыздын тилин таап, жумшартып, кепке келтирсе эмнеге болбосун?

Жакынкы жылдары шайлоолор жок, президент Садыр Жапаровдун саясаты туруктуу нукка бурулду. Кыйшаңдап, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтире тургандар камалары ажеп эмес. Мындай шартта Өмүрбек Чиркешович билимин, тажрыйбасын мамлекеттин өнүгүшү үчүн бурса, элибиз деле туура түшүнмөк.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg