90 депутаттын арасында бир да орус улутундагы депутат жок. Надира Нарматова кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова депутаттарды кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырды. Анын айтымында, мамлекеттик тил кыргыз тили болгондуктан жыйындарда талкуу кыргыз тилинде болушу керек. «Бизде кыргыз тили мамлекеттик тил. Ошондуктан депутаттарды талкууларды кыргыз тилинде жүргүзүүгө чакырам. Элибиздин көпчүлүгү да кыргыз тилинде түшүнөт. Арабызда бир дагы орус улутундагы жаран жок»,- деди Нарматова. Буга чейин Адахан Мадумаров кыргыз тили менен орус тилин аралаштырбай сүйлөөгө чакырган.

Аргумент.kg