9-11 класстын окуучулары 12 миллион сомду түзгөн баңгизаттарды жашырууга аракет жасашкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектин Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ботаникалык бакчага 9-11-класстын окуучулары баңгизаттарды жашырып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык,баңгизаттарды жашырууга шектелген окуучулардын жанынан 921 грамм өлчөмүндөгү Альфа PVP» баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылган.

Аталган заттын 1 граммы базарда 10 мин сомду түзөт.Табылган 921 граммдан 2 302 доза чыгат, анын баасы 11 857 500 сомго жетет.

Ошондой эле,УКМК жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар фактылар болсо билдирип коюуга чакырып, анонимдүүлүк сакталарын убадалады.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдар өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, улуттук коопсуздук органдары мыйзам чегинде коргоп, жардам берерин белгилеп, 0312-66-04-75; 0312-62-65-04 номерлери аркылуу байланышууга чакырды.

Булак:Аргумент кж

 

Аргумент.kg