Өзгөндө 10-класстын окуучусу мектептин терезесинен секирип кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

17-май күнү саат 11:40 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну 16 жаштагы Ю. Б денесинен жараат алып, Мырза-Аке айылдык ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө Өзгөн райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмчөсүнө кабар берген.

Аталган маалымат, Өзгөн райондук ИИБнин Маалыматтардын электрондук журналына (МЭЖне) катталган. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 17-майда саат 08:00 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы №3 М.Нурбаев атындагы орто мектептин 2-кабатынан ошол эле айылдын тургуну жаш өспүрүм Ж. Б белгисиз себептерден улам, секирип жиберген.

Натыйжада, денесинен алган жарааттарынан улам Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык ооруканасына медициналык жардамга кайрылган.

Окуя боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө саат 08:00 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы №3 М.Нурбаев атындагы орто мектебинин 10-А классында Б.Ж. терезенин алдында эшикти карап туруп эле өзүнөн- өзү 2-кабаттан секирип жибергендигин, андан кийин аны кайрадан мектептин ичине алып киришип, эмне үчүн секиргендигин сураган учурда, өзүн-өзү текшерип көрмөкчү болуп, ушул жолго баргандыгын өздөрүнүн түшүнүк катында билдиришкен. Ошол эле учурда жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылып, арызда баласы жөндөн-жөн терезеден өзүн-өзү таштабай турганын, мектепте ага карата терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деген жүйө менен кайрылган.
Бул факты боюнча териштирүү иштерин тергөө амалдары менен улантууга жаткандыктан, 18-майда Кыргыз Республикасынын ЖКнин 137-бер. 1-бөл. каралган кылмыш белгилери менен Өзгөн райондук ИИБнун КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Аргумент.kg