Адыл: Баткеним, кечир мени! Мен сага кайтып барам…

Адыл: Баткеним, кечир мени! Мен сага кайтып барам…

03-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Билесизби?.. Сөзүмдү эмнеден баштаарымды таптакыр билбей турам. Айтор, мындан туура беш жыл мурун Москва шаарына катардагы мигрант катары келгем. Өзүм Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылынан болом.

Туулган жерге кайтып баруу оюмда такыр жок эле… Жакынкы аралыкта Россия жарандыгын алуу планымда бар болчу. Бирок азыркы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин бул оюмдан кайттым да, Кыргызстанга билет алдым.

Эх, киндик кан тамган жерим… Кечир мени… Ата-Журтун таштоону пландап, айылын жерип жүргөн мендей жеңил ойлуу пендеңди кечир, Жаратканым…

Абдан өкүнүп турам. Буйруса, мен сага барам Баткеним. Уулуңду тосуп ал! Эми сени эч качан таштабайм!

Айбек нур