Элиза: Мен сени пайдаланып жүргөм… Эч качан сүйгөн эмесмин

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эрмек, мен сени пайдаланып гана жүргөм. Кечир, сени эч качан сүйгөн эмесмин, —  дедим да сенден узап кеттим. Мен бул сөздөрдү айтууну канчалык каалабасам да, айтуума туура келди. Ооба, биз бири-бирибизди канчалык жакшы көрүп, сүйбөйлү эч качан бир боло албайбыз жаркыным.
Эмне себептен ушундай болгону туура деп чечкенимди түшүнө албай жатсаң керек. Өткөн айда ооруканага баргам. Анализдерим бактысыз чыкты. Эч качан айыкпай турган ооруга чалдыгыпмын.
Бул оорум менен сени өмүр бою кыйнагым келбейт жарыгым. Сен бактылуу болууга, ден соолугу чың балдардын атасы болууга татыктуусуң.

Мен сени ар дайым сүйөм жана жүрөгүмдүн түпкүрүндө дайыма жашайсың. Бактылуу бол, Эрмек!

Аргумент.kg