ВИДЕО-«Келинчектерибиз күчтүү чыкты». Нурлан Насип айылдагы үйүн көрсөтүп, талкуу жаратты

ВИДЕО-«Келинчектерибиз күчтүү чыкты». Нурлан Насип айылдагы үйүн көрсөтүп, талкуу жаратты

24-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Заманыбыздын популярдуу ырчы мырзасы Нурлан Насип айылдагы, өзү чоңойгон үйүн көрсөттү. Ырчы Токтогул районунда жайгашкан үйүн инстаграм баракчасындагы сторис бөлүмүндө кенен көрсөтүп, баяндап берди. Анда ал “Быйыл бул үйдүн айланасын тосолу деп пландап жатабыз, каралбай калды. Учурда бул жерде жакын туугандарыбыз жашап жатат. Биз эки эле уулбуз да, келинчектерибиз күчтүү чыкты окшойт, шаарлык болуп кеттик” деген ойлору менен бөлүштү.