Журналист 84 миң пара алган жеринен кармалды
23-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат агенттигинин башчысы У.М. кармады.
УКМК буга чейин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жаткан. У.М. ал 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен пара менен кармалган.
Шектүү бул акчаны сайттагы видеоматериалды өчүрүү үчүн талап кылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Айрым маалыматтарда белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармашкан.