Камчыбек Ташиев: «Дуба кылып туруӊуздар. Мен силердин жардамыӊарга муктажмын»
06-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Бүгүн, 5-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чет мамлекетке дарыланууга кетип жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.
— Урматтуу кыргыз элим!
— Урматтуу кыргыз элим!
Мен 6-февралда эртеӊ менен дарыланууга чет жакка бара жатам. Себеби, биздин профессор врач Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан, дуба кылып туруӊуздар. Мен силердин жардамыӊарга муктажмын. Буйруса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн.