Өзүмдөн 14 жаш кичүү жигитке байландым, кантип ажырайм?

Жашым 44кө толду. Биринчи турмушум болбой калган жылдардан бери жалгыз бой бир топ жылдарды артта калтырдым. Жалгыз кызымдын көзүн карап, аны эч нерседен кем кылбай чоңойтууга жан үрөдүм. Тагдыр ар кандай тамашасы менен күтүп алат экен. Өзүмдөн он терт жаш кичүү жигит базарда өнөктөш болуп иштешип жүрүп, кантип жакын адамыма айланып калганын да баамдабай калыпмын. Ал дагы жубайы менен мамилеси келишпей, эки жолго түшүшкөн. Биз чогуу болгонубузга үч жылдан өттү. Аны жакын адамдары «үйлөн» деп кыстап келет. “Үйлөн, жакшы, жаш келиндерди тап» деп акыл айтам да, кайра ичим туз куйгандай ачышат. Ал болсо колумду сурап, «бир үй-бүлө бололу» дейт. Ортобуздагы 14 жаш айырмачы? Анын ата-энеси, жакындары ин мамилебизге таптакыр каршы. Бирок, менден 14 жаш кичүү болсо да мени түшүнгөн адам. Эми кандай кадамга барам? Мындай ысык махабатымдан кантип ажырайм?..
Фарида
«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg