Ырчы Неля Нуркулованын апасы каза болду

Ырчы Неля Нуркулованын апасы каза болду

16-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Ырчы Неля Нуркулованын апасы каза болду. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Урмат Усеновдун соцтармактыгы баракчасына жазган
Буга чейин, Неля Нуркулованын атасы коронавирус менен ооруп, оор абалда ооруканада жатканын айткан.
“Менден “апаңдын ден соолугу, абалы кандай болуп калды?” деп тынчсызданып, жакшы тилектерди жазып сураганыңыздарды окуп аябай ыраазы болдум, рахмат.
Бирок, апамдын абалы азыр өтө оор. Алланын ырайымы, мээрими менен буйруса бардыгы жакшы болот деген үмүтүм бар.
Силерден болгон суранычым алакан жайып апама дуа кылып коюшуңуздарды өтүнөм.
Эч ким оорубасын!”, — деп жазган ырчы кыз.