Камчыбек Ташиев досу Ниматулланы муфтийликке алып келет экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу Шамсуддин Хакимов билдирди:
Капа болбогула, Максат ажынын дагы кетер убактысы жетти. Биринчиден, устав боюнча срогу былтыркы жылы эле бүткөн. Экинчиден, уят-сыйытты жыйыштырып коюп, Асилбектин партиясына ачык үгүттөп жана үгүттөөгө буйрук берип жүргөн. Эми «Мекенчил» менен Садырды үгүттөп баштайт. Үчүнчудөн «мечиттерде только кыргыз жана орус тилинде гана хутба айтылсын» деген, түкүрүк мыйзамы сыяктуу иштебеген, шариятка да, законго да туура келбеген фатва чыгарып, көп улуттарды нааразы кылды. Ошол фатваны ишке ашырбай жатасың деп бир казысы дунган молдону сабап салды. Төртүнчүдөн, Ютубда Шейх Мусанын фондун рейдерлик жол менен тартып алуу жана фонддун балансындагы жерди пулдап жиберүүгө шериктеш деген факты журөт. Башкаларын айтпай эле койоюн. Кыскасы көп «гап» бар. Кетиши керек, вассалам.
Ордуна ким ылайыктуу?
Абдүшүкүр менен Садыбакас ажылардын төшүнө «Айкөл» орденин тагып, колдоруна семиз-семиз конверт кыстарды. Ордумду талашпасын деген саясатыбы?
Алардан башка кайсы авторитетибиз бар? Бахтияр менен Шермухаммад бышып турат. Бирок, экөөнү тең жаш деп коюшу мүмкүн «сарайдагылар». Камчыбек Ташиев досу Ниматулланы алып келет экен деген сөздөр жүрөт. Ал кишинин аброю калкты жана араб дүйнөсүндөгү инвесторлорду канааттандырабы? Кадыр Маликовчу? Кыргызча сүйлөй албаганы менен «жүктү» тартып кете алат. Менимче үчүнчү вариант ылайык. Не дедиңиздер?

Аргумент.kg