Жубайымды белгилүү депутатка тарттырып жиберип, ичип кеттим…
29-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваАтам айтчу эле, «балам, чырайлуу келинчек алба” деп. Көңүл бурбаптырмын. Вице-мисс титулун жеңип алган кызга үйлөндүм.
Башында баары жакшы эле. Мен мамлекеттик кызматта иштегенден кийин айлыкка жашайм да. Жубайым бул жагын түшүнбөй койду. Ар кандай жолугушууларга, кечелерге кете баштады. «Пиар-менеджермин» деген шылтоону айтат. Бир күнү аңдыдым. Элге белгилүү эле депутат колуктумду машинасына салып, колунан кармап, бетинен өөп жатканын көрүп, чуркап бардым. “Зуу” койгон боюнча кетишти. Жаман абалда калдым. Ичип кеттим чыдабай. Эртеси «миссим» келди. Кеп
жебейт, айтышат. «Акча таппайсыңбы?» дейт. Үйдөн тепкилеп туруп, кубалап чыктым.Көрсө, кеп башкада экен. «Жоргонун тери кургабайт…” дегендей, алган жарым жалап болуп чыкты. Кутулганыма сүйүндүм.
Сабыр Aryba.kg