Пери: Мени зордоп сойку кылышты, өзүм күнөөлүмүн…

Пери: Мени зордоп сойку кылышты, өзүм күнөөлүмүн…

12-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Атым Нурпери, Жалал-Абаддан болом, бирок Бишкекте кичинемден бери өстүм. Өзүм жыйырмага жаңы чыксам дагы, сойкулук ишти үч жылдан бери кылып келем, жиркенем, бирок айлам жок.. Үч жыл мурун кадимкидей эле мектепте жакшы окуган кыз элем. Апам дагы, атам дагы тирүү, бир иним бар. Үйдүн жалгыз, тун кызы болгондуктан эрке өстүм. Иним болсо дагы, ал эркек болгондуктан ага карабай эркелетишчү. Кыскасы жашоом жакшы эле болчу… Мектепте Карина аттуу дос кызым бар эле, орус болгондуктанбы же кандай билбейм, бат эле чоң балдар менен сүйлөшүп, кээде мектеп алдында өбүшүп туруп калганын көрчүмүн. Ал жөн эле ойноп жүрөт деп, кылыктарына көңүл бөлбөй дос болуп жүрө бердим. Сабактан кийин парктарга барып, балдар менен таанышып, көп ойноп-күлүп калдык. Он жетиге толгондо, Карина туулган күндү клубда өткөзүүнү сунуштады, мен макул болдум. Ата-энеме жөн эле кафеде болобуз десем, акчаны кенен беришти, кыздарыңа уят болбой жакшы өткөз деп. Бишкектин борборундагы бир клубга келсек, ал жакта Каринанын достору бар экен, туулган күнүң экен “мы угащаем” деп столго чакырышты. Жаман оюм жок алар менен бирге отуруп калдык. Карина дароо эле бирөөнүн моюнуна асылып, өбүшүп жатып калды. Балдар Оштон болобуз, Бишкекте бизнес кылып жүрөбүз деп өздөрү жөнүндө айтып тааныштырышты. Алкоголь сунушташканда мен каршы болдум, макул деп, напиток алып келип беришти. Бирок ошол напитокту ичкенден кийин мен өзүмдү жоготтум… Көзүмдү жумуп-ачкандай болдум, бирок клубда эмес, кроватта, таң атканда ойгондум. Башым сынат, турайын десем денемди танка тебелеп кеткендей, алым жок. Айланамда эчким жок, кийимим да жок. Эсиме келе албай, бир топ туруп, анан мени бирөө зордуктап, кыздыгымды алганын түшүндүм….

(Уландысы бар)